Бул жылы кытай грантынын экинчи фазасынын эсебинен Бишкектеги 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
"Шаардык мэриянын балансында 1600 чакырым жол бар, анын 650 чакырымына асфальт төшөлгөн. Бул жылы Кытай грантынын долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 60 көчөнү оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деди ал.
Фракция жыйынында Бишкек жана анын экологиялык абалы боюнча маалымат угулууда.