"Ат-Башынын ак балы" деген ат менен Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып жаткан бал тууралуу билесизби? 10 жылдан бери аарылар менен достошуп, жан үрөгөн эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан балчы Равил Вагизов Ат-Башынын балы кандайча дүйнөдөгү эң сапаттуу №1 бал болуп калганын SUPER.KG'ге айтып берди.
"Балчы болуп калышыма жумушсуздук себеп болду. Өлкөнүн эң суук өрөөнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда мындан 10 жыл мурун аары багып, бал өндүрүү адам ишене турган деле көрүнүш эмес болчу. Жумуш жок, базар экономикасы улам өнүгүп, элдин баары эле соода-сатык, алып сатарлык менен алектенип калышты. Биз ошол маалда бал өндүрүп көрүүнү ойлодук. Балчылар менен сүйлөшүп, аары алып бага баштадык. Албетте, башында оор болду. Аарыларыбыз өлүп калат, аларды багуунун ыкмаларын өздөштүрүүгө да бир топ жыл убактыбыз кетти. Ийгиликсиз болуп калганда карууну бошотуп, багынып калбай улам чыйралып ишти уланта бердик. Акыры иштин жыйынтыгын көрө баштадык. Эми азыр дүйнөгө атагы таанылып жаткан балды өндүрүп, үзүрүн көрүп жаткан чагыбыз.
Ат-Башынын ак балына азыр кардарлар абдан көп. Жергиликтүү кардарлардан тышкары, биздин балды ортодогу алып саткан ишкерлер чет өлкөгө алып кетишет. Дүйнөдөгү эң пайдалуу жана таза, мыкты бал деген наамдарды Ат-Башыныкы бербей келе жатат. Эки жылда бир дүйнөлүк сынак өтүп турат. Акыркы жолу 2017-жылы ушул наамды Ат-Башынын балы жеңип алган. Мындан тышкары 2013-жылы Украинада, 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн көргөзмөдө дагы ар кандай сыйлыктарды жеңген. 2017-жылы Түркияда өткөн көргөзмөдө да Ат-Башынын балы коюлуп, мыкты аталган", - дейт Вагизов.
Учурда Кыргыз өлкөсүндө атайын балчылардын коому ишмердүүлүк кылат. Башка тармактар сыяктуу эле бал өндүрүү тармагы да мамлекет тарабынан ырыстуу колдоо таппай, чет өлкөгө экспорттоодо кыйынчылыктар жаралып келерин айтат каарманыбыз. Балчылар чет өлкөлүк кардарларга түз сата алышпагандыктан бал алып чыгуунун жолун билген ортомчу ишкерлер сатып алып кетишет дейт.
"Бал өндүрүүчүлөр чет өлкөгө өзүбүз түз алып чыгып сата албайбыз. Бизден ортомчулар дүң баада сатып алып кетишет. Биз өндүрүү менен гана алек болобуз. Балдын килограммын дүң баада 250 сомдон өткөрөбүз. Жылына 2-3 тоннадай бал алынат. Жыл сайын дагы көбүрөөк бал чогултуу планын коёбуз. Быйыл, буюрса, 1 сезондо 5 тоннага чейин алсакпы деп турабыз", - дейт каарманыбыз.
Ат-Башыда кыш мезгили узак болгондуктан аарылар кышы бою азыктанып чыгуу үчүн бал челектин ичине көбүрөөк бал калтырабыз дейт Вагизов. Бир үй-бүлө аарынын челегине 15-20 килограммдай бал калтырып, калганын алышат. Бал тартыш болуп калган жылы айла жок болуп калганда гана шекер менен багышат. Анткен менен Равил Вагизов аарыларын шекер менен эмес, өздөрүнүн балы менен гана багууга аракет кылат.
"Бизде кыш катаал. Ошол себептен аарылардын алгачкы үзүрүн июнь айынын ортолорунан кийин көрө баштайбыз. Анткени ошол маалда нарындыктар малга тоют кылуу үчүн эккен эспарцет гүлдөйт. Дүйнөгө таанылган ак түстөгү балды ошол эспарцет чөбүнүн гүлүнөн алабыз. Чөп жыйналгандан кийин жай соңуна чыкканча тоо гүлдөрү жана башка чөптөрдөн бал чогултула баштайт.
Өндүрүлгөн балды Бириккен Араб Эмираттары, анын ичинде Дубай шаарына, Кытай, Японияга чейин сатышат. Мисалы, Ат-Башынын балы Японияда 250 граммдык идиштегиси 300 доллар турат экен", - деди балчы Вагизов.