Бүгүн, 19-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет универсал" базарында иштеген соодагерлер базардын кире беришине чогулушту. Алардын максаты өздөрү сатып алган соода жайларын сактап калуу.
Соодагерлердин айтымында, "Берекет универсал" базарынын ордуна жаңы соода борборун куруу пландалып, базарда иштегендерди башка соода борборунан орун сатып алууга мажбурлап жатышат.