Биз социалдык тармакта

Таластын 14 жаштагы Гаухар Абасбекова аттуу тургуну изделүүдө

Талас шаарынын 14 жаштагы Гаухар Абасбекова аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 17-апрелде саат 07:40та үйүнөн чыгып кеткен.

Кийип жүргөн кийимдери: кочкул кызыл күрмө, көк юбка, кара бут кийим. Кызыл рюкзак көтөрүп жүргөн. Көз айнек тагынат.

Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, чачы, көзү кара.

Кимде ким сүрөттөгү кызды көрүп-билген болсо, 102 кызматына кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mamiev
2019-04-20 16:42:53
Аман эсен табылып калса экен. Азыр жаштар жоголуп кетип эле курбулары менен же туугандарыныкына кетип калмай көп катталып жатат, жаштарга ыйман берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан