Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев дарыгерлердин шалаакылыгынан улам дүйнөгө келе элек наристесин жоготконун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, кош бойлуу жубайы дарыгерлердин кароосунан өткөндө баары жакшы экенин айтышкан. Бирок 3 күндөн кийин жубайы өзүн начар сезип "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилип, бирок дарыгер бош эмес деген жүйө менен коридордо күттүрүп коюшкан.
"Келинчегим 14-апрелде кош бойлуулук мезгилине 7 ай болгондуктан пландуу кароодон өткөн. Анда дарыгерлер текшерип абалы жакшы, ичиндеги балабыздын өсүүсү, жүрөгүнүн согушу жайында экенин айткан. Келинчегимдин абалын да жакшы деп баалашкан. Ага мен өзүм күбө болгом. Анын эртеси Караколго жумуштар менен барып, жакшы эле жүргөн. 17-апрелде кечке жуук ичи ооруп "Тез жардам" чакырышкан. Текшерген дарыгерлер абалын оор деп баалап, облустук төрөтканага алып барышкан.
Ооруканага болжол менен 19:30дарда жеткирилген. Бирок ооруканада бир гана дарыгер болуп, ал бошобой жатат деген жүйө менен коридордо күттүрүп коюшкан. Ичи катуу ооруган келинчегиме мындай мамиле жасалып жаткандыктан өкмөттөгү тааныштарымдын бирине байланышып, көзөмөлүнө алып чара көрүүсүн сурандым. Акыры ал кишинин облус жетекчилигине байланышка чыгуусунан кийин гана кыймыл башталды. Болгондо дагы бир да дарыгер жок деп жаткан бөлүмгө, дарыгер, башкы дарыгер, бөлүм башчысына чейин жетип келишип, 22:30 чамасында дароо операция жасоо чечими кабыл алынган.
Келинчегим 2 литр кан жоготуп, араң эле калды. Түнү бою, эртеси кечке кан куюшту. 7 айлык перзентибиз болсо бул дүйнөнү көрбөй, ата-энесинин мээримине бөлөнбөй бизди таштап кете берди. Мен түнү бою жол жүрүп таңга маал Караколго бардым. Босогодон аттаар замат дарыгерлер чочулап, ар кайсыны айтып жатышканына күбө болдум. Белогу көп болуп кеткен турбайбы деп айтышты. Бирок 3 күн мурда текшерилгенде андай маселе жок эле.
Чынын айтсам соңку үч күндө дендароо болуп жүрдүм. Болору болду, ызы чуу чыгарганда эмне деп ойлондум. Бирок өз каныңдан жаралган баламды өз колум менен көтөрүп барып жерге жашыруудан өткөн азап жок экен. Башкаларга сабак болсун деп айтууну туура көрдүм. Бизде го тааныш бар экен. Эгерде андай болбогондо келинчегимдин абалы эмне болот эле деген суроо оюман кетпей койду", - деп жазган Айтикеев.
Журналист өз билдирүүсүндө салт боюнча чарчап калган баласына Үмүт деген ысым ыйгарганын кошумчалаган.
"Салт боюнча ат коюп жерге бердик. Бардык кайгы артта калсын. Ата-энелер биздей болуп боздобосун. Жан дүйнөсү эңшерилбесин деп атын Үмүт койдук.
Урматтуу министр мырза, өкмөт жетекчилиги канчага чейин карапайым эл жабыр тартышы керек? Качан адам өмүрү, ден соолугу баарынан бийик турган коом курабыз? Качан тааныш-билиши жок болсо да кор болбогон өлкөдө жашайбыз?" - деп жыйынтыктаган ал өз билдирүүсүн.
Жубайынын азыркы абалын билүү үчүн Мирбек Айтикеевге байланышканыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.
"Жубайым азыр деле жандандыруу бөлүмүндө болгону менен абалы бир топ жакшы. Мага өкмөттөн байланышка чыгышып, биздин окуя Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болорун айтышты. Бирок дарыгерлер ар кайсы шылтоолорду айтып жатышат. Ошондуктан аларга карата чара көрүлөрүнө көп деле ишенген жокмун. Анын үстүнө келинчегим дагы деле ооруканада болгондуктан ызы-чуу чыгарбай эле коёлу деп чечтик", - деди Айтикеев.