Шри-Ланкадагы жардыруудан каза болгондордун саны 262ге жетти. Дагы 452 адам жарадар болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган.
Айрым басылмалар жардырууларды Шри-Ланкадагы "National Thowheeth Jama'ath" радикалдык уюму уюштурган болушу мүмкүн экендигин болжолдошууда. Бирок Шри-Ланкадагы террордук уюмдар жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин айтышууда. Учурда жардырууга тиешеси бар деп 13 адам кармалганын аталган өлкөнүн бийлиги билдирген.