Казакстанда жеңил моторлуу учак кырсыктап, эки адам каза болду

Казакстанда жеңил моторлуу учак кырсыктап, эки адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-апрелде Карагандадагы аэродромдо саат 16:25те орун алган. Анда FK14 тибиндеги жеңил моторлуу учак конуу үчүн аэродромдун аймагына кирген учурда кырсыктаган.

"Кырсыктын кесепетинен инструктор жана жеке учактын учкучу каза болгон. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан