Британиянын эң кирешелүү ырчыларынын бири Адель жолдошу менен ажырашканын маалымдады. Алардын ажырашуусун түгөйлөрдүн жакындары Бенни Тарантини жана Карл Саймон тастыкташкан.
"Алар ажырашып жатканына карабай баласын сүйүп, чогуу тарбиялоону чечишти. Ошондуктан алардын жеке жашоосун жана ажырашуусун талкуу кылбоону суранышты. Эми алардын ажырашуусу, андан кийинки жашоосу тууралуу маалымат берилбейт", - деген.
Ырчы 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою 2017-жылы Лос-Анжелесте жашыруун өткөн.
Саймон Конекки 2004-жылы стилист Клэр Фишерге үйлөнүп, 2008-жылы ажырашкан. Ортодо бир кызы бар.
Аделдин "Someone Like You", "Hello", "Skyfall" жана башка чыгармалары дүйнөлүк хитке айланып, ырчынын атактуулугун арттырган.