КСДПнын митинги. Министрликке депутат жарым сааттан кийин гана киргизилди

Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында КСДПнын өкүлдөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында "Адилетсиз министрлик" деп аталган акция өткөрүшүүдө. Акцияга КСДПнын мүчөлөрү, жарандык активисттер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышууда. Алгач КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Юстиция министрлигине киргизилбей жарым сааттан кийин гана киргизилди.

Алардын бири депутат Асел Кодуранова: "Бизге чыгып, кандайдыр бир түшүндүрүү иштери болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, саат 10:00дө чогулганбыз, эч кимиси чыккан жок. Биз бул жерге бүгүн өзүбүздүн позициябызды билдирүү үчүн чогулдук. Азыр министр жана анын орун басары жок деген жооп бериш керек", - деди Кодуранова.

Учурда акцияга келген катышуучулар Юстиция министрлигине койгон талаптарын айтып, "Абылгазиевдин өкмөтү кетсин!" деген чакырыктар болууда.

Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөн.

18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Muratmipa
2019-04-22 11:26:24
Пикетке чыкпай кысып эле олтура бергиличе элди дурболонго салбай
-5
yrmat88
2019-04-22 11:32:21
Жээнбековтор адам деле эмес экен. Эл барын коруп турат. ХХХХ Жээнбеков бир куну Абдрахмановтун озун ХХХХ кетет. Абдрахманов Сокенин ХХХХ болуп журот. Эгер АША СДПК болбосо Жээнбеков кайдан бийлике келет эле. 3% добушу бар Сокени эл деле билчу эмес. Соке ХХХХХ.
-1
Erik2018
2019-04-22 15:39:35
yrmat88, Атамбаев тынч эле отурушу керек болчу. Өзүнүн кадрлары иштеп жатат, коррупцияга шектелгендери камалды. Экс-президент деген статусту сактап, ак сакал катары сый менен болсо, Роза Исаковнадай сыйга ээ болмок. Кадырын кетирип саясатка кайра башын тыга берсе өзүнө эле кыйын болуп калат. Кашыктан чогулткан кадырын чөмүчтөп төгүп жатпайбы.
-4
tursunbaev78
2019-04-22 11:36:48
Шайлоодо акчанын кулу болуп,эми арманыңарды айтып отура бергиле,аз силерге,кийинки шайлоодо дагы акча алып шайлагыла
+1
filis
2019-04-22 11:42:21
Жээнбеков Атамбаевтин колдоосу болгон учун отуп кеткенин эл билет го. Болбосо Жээнбеков элге эмнени кыйратты эле. Анан ушинтип саткынга айланды. Бироонун нанын тартып алып жан бакпай, Соке кыйын болсо убадасына туруп экономиканы которбойбу. Сапарды ак жерден каматып коюп, корруп-ны м-н курош-м деп мактанып жатат. Элдин ишеними Сокеге такыр жок. Эптеп ГКНБ, прокурордун кучу менен отурат кыпчылып креслодо.
+1
Erik2018
2019-04-22 15:40:12
filis,СДПК АШАнын мурастап алган менчиги эмес. Атамбаев балким менин партиям, акча менен баарын сатып алам деп ойлоп жаткандыр. Ошондой болсо, ал киши чоң жаңылыштык кетирип, асмандын жетинчи катмарында калкып жүргөн убагы өтүп кеткенин аңдап биле элек.
-3
elchi84
2019-04-22 11:42:45
Отунбаева президентиктен кеткенде унчукпай тапшырып кетти эле даже элдин астына алып чыгып уят кылганда да унчукпай коментарий бербей кетти эле .Бул АША деген эч теке ге тойбойт экен да бизге тынчтык керек элди бузбагыла озунордун пайданарды гана ойлойсуздар андай кылбагыла барып жумушунарды кылгыла.Сатып кетти деген соз уят анан мне кылсын сенин созуно кирип коло кошуна президенттер менен кайым айтышып агынан уруп коюп олтура бериш керекпи?
-2
zhaku2017
2019-04-22 11:54:21
Жээнбеков олкодо мыйзамдын бузулуп жатканын коруп унчукпай отурса кантип элдин жашоосу онолот. Рейдерликти оздору уюштуруп жатса кантип элдин жашоосун ондойт. Кайра шайлоо болсо Жээнбеков 2% алмак да эмес.
+4
Erik2018
2019-04-22 15:40:47
zhaku2017,Атамбаев партияны менчигиндей көрүп жатпайбы. “Муну партиядан чыгарып койгула! Дагы бирин каршы сүйлөдүбү, аны да партиядан чыгаргыла!” деп айтып жатат. Ким ошондой мамиле кылат? Ал азыр партияда дагы авторитардык бийлигин орнотуп, өзүм билемдигин жасап жатат. Ошон үчүн КСДПнын ичинде эски партиялаштардын Атамбаевге болгон нааразычылыгы күч.
-3
Kychtyy
2019-04-22 12:04:58
Сдпк арга жок экенда мыйзам бузууларды эми коргондой. Текебаев жапаров камалып мегаком боюнча мыйзам бузуу менен жамандап атышканда отурушту элего унчукбай. Эми таяк айланып келип баштарына тийгенде кана ызылдап атышканын коруп арга жок кулосун. Элге куйгон адам болушуп чыгып аткандарын. Элдин силер менен иши деле жок тынчтык керек. Адил турдугуловго менен равшанга даба деле жок экен. Ким акча берсе ошонун ырын ырдашат. Эки жыл мурун эле атамбаевди жамандап эл душманы деп атышты эле. Кулкулуу
+3
Erik2018
2019-04-22 15:41:15
СДПКда Атамбаев дегенде баарына даяр болгон балдарды сүрүп чыгарышты. Муну Атамбаев өзү деле көрүп, билип туруп, үн катканга жараган жок. Ошого партияда ынтымак кетти. Бөлүнүп жарылууга алып келди. Сагынбек мырза туура кылыптыр.
-3
Jaznura
2019-04-22 15:42:38
Ушул Атамбаевдин ат кошчулары элди жайына койгулачы. Арам акчанарды сунуштабай. Силерди эч ким колдобойт
-3
titanik32
2019-04-22 15:58:09
атамбайып баары жоктон кур жалак калдың ха ха хаа....
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан