Депутат малга бирка басуунун баасы кымбат болуп жатканын айтты

Депутат Кенжебек Бокоев малды каттоодон өткөрүү иши жүрбөй эле, бир гана бирка басуу иши жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Бокоев малга бирка басуунун баасы кымбат болуп жатканына токтолду. “Малга бирка басуунун баасы эмнеге 70 сомдон болуп жатат. Базардан 30 сомдон бирка сатып алып, 70 сомдон басуу туура эмес. Үстүнө эки эсе кошулууда”, - дейт депутат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков малды идентификациялоо иштери Кыргыз мамлекетинде биринчи жолу башталып жаткандыктан кемчиликтер бар экенин айтты. "Учурда малды каттоодон өткөрүү иши 60-70 пайыз болуп жатат. Биркалар базардан алынбайт, атайын алып келинет. Бирканын баасы 38 сомдон. Жеке ветеринарлар иш жүргүзгөндүктөн 70 сомдон басылат", - дейт Исаков.

Депутат мыйзам бузгандар гана эмес, мыйзамды аткарбагандар дагы жоопко тартыла турганын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pchelka85
2019-04-22 12:04:31
Биз 80 ден салдырдык го сойкону торпокторго
0
bonbonita
2019-04-22 12:24:05
басылып буттуго буларга эми жеттиби
+1
Aza17
2019-04-22 12:59:11
1 малы болсо 10 сомго

10 малы болсо 50 сомдон

100 малы болсо 200 сомдон

500 малы буолсо 350 сомдон басуу
туура болот бардан алуу керек
Жокко жардам беруу к.к
-3
Aikaaaa
2019-04-22 15:13:37
Aza17,бар үчүн бирка бастырат да, жок болсо өзүнө бастырабы?
-1
Aza17
2019-04-22 16:43:29
Aikaaaa, таза кок мээ экесин бардан кобуроок алуу к.к 500 малы болсо ар бирин 350 сомго биркалоо к.к
-1
Aikaaaa
2019-04-22 15:19:26
Малга идентификацая кылып, паспорт алганды мындан 10 жыл мурун А. Жапаров айтып чыкты эле, куудулдарыбыздан өйдө шылдыңдап, бул эмне деген сөз деп чыктык элек. Биз акылыбызга эми келип түшүнүп, эми бары кеч болгондо аракет кылып жатабыз.
0
dyikanbek1990
2019-04-22 17:35:23
70 сом дейби. Бизде 100 сомдон басып атпайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан