Бишкекте "Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук" аталышындагы жыйын өтүүдө

Бишкек шаарында бүгүн, 22-апрелде "Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук" аталышындагы жыйын өтүүдө.

Жыйынга коомдук активисттер, укук коргоочулар, ишмерлер жана IT-адистер катышууда.

"Санариптештирүү, мамлекеттик сатып алуу, коррупция менен күрөшүү иштерди ким аткарат деген көйгөй чоң. Негизи биздин өлкөдө мыйзам жагынан, курал жагынан көйгөйлөр көп. Бүт тармактарда мамлекеттик мекемелерде өз кызыкчылыгын көздөө күч алганы өкүнүчтүү.

Сүйлөшүү болгон деген жүйө менен эле эч кандай далили жок камап жаткандары өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө ар бир адамды коррупция менен камай алабыз деген мамиле болуп жатат. Эч ким камалып кеткиси келбейт", - деди укук коргоочу Рита Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан