Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 25 жаштагы тургуну Каухар Өткүлбекова табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын апасы Нуржамал Байзакова билдирди.
"Кызымдын кабарын Түркиядагы мекендештер аркылуу билдик. Ал 4 ай мурун иштеген жеринен акчасын ала албай кеткен экен. Жанында телефону жок болгондуктан өзү элчиликке барып, жашаган дарегин таштап, издеп калгандар болсо берип коюуну өтүнүптүр. Ал эми менин номеримди жатка билбегенине байланыштуу дайынын билдире албай жатыптыр. Кызым менен сүйлөштүм, ал Стамбулда башка жакка жумушка кирип, жакшы иштеп жаткан экен. Баары жакшы экенин айты. Кызымды табышууга жардам берген мекендештерге ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Каухар Өткүлбекова 2018-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз болуп жатканын буга чейин кыздын апасы SUPER.KG порталына маалымдаган.