Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасайт.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламент боюнча комитетинин жыйынында 2 маселе талкууланат. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.
Буга чейин өкмөттүн отчёту бир канча комитетте жактырылган.