Даниянын эң бай адамы, миллиардер Андерс Холх Повлсен Шри-Ланкадагы теракттан 3 баласын жоготту. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, миллиардер үй-бүлөсү менен эс алуу үчүн Шри-Ланкага келген.
46 жаштагы миллиардер жубайы, Альма, Астред, Агнес аттуу кыздары жана Альфред деген баласы менен Пасха майрамына карата эс алуу үчүн келишкен. 21-апрелде Шри-Ланкада 8 жардыруу болуп, жергиликтүү тургундар, туристтер каза болгон. Каза болгондордун арасында Андерс Холх Повлсендин балдары дагы бар экени маалымдалган. Азырынча миллиардердин каза болгон балдарынын ысымдары айтыла элек.
Андерс Холх Повлсен - "Bestseller" эл аралык кийимдер түйүнүнүн ээси, британиялык "Asos" интернет дүкөнүнүн акционери.
Буга чейин Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган. Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алган.