Нурсултан Назарбаев президенттикке Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады

"Нур Отан" партиясы 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерин көрсөттү. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, мурдагы өлкө башчы Нурсултан Назарбаев президенттикке Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады.

"Аны көп жылдан бери билгеним үчүн бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң жогорку кызматка татыктуу талапкер деп эсептейм. Ал Казакстандын Тышкы иштер министрлигин көп жылдар бою жетектеген жана мени менен бирге өлкөнүн тышкы саясатын түзүүчүлөрүнүн бири. Улуттук фондду түптөө боюнча идеямды колдоп, Токаев спикер катары мыйзам чыгаруу иштеринин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Урматтуу партиялаштар, менин президенттиктен кеткеним күтүүсүз болгон жарандардан каттарды алып жатам. Казакстандыктар менин шайлоого катышуумду суранышууда. Адамдар туруктуулукту каалашат. Мага жасалган мамиле үчүн ыраазычылык билдирем. Токаев достук саясаты жана казакстандыктардын укуктары бирдей болушу үчүн иштей турган адам экенине ишенем. Мекендештерибизди анын талапкерлигин колдоп берүүгө чакырам", - дейт Назарбаев.

Маалыматка караганда, 24-апрелде "Ак-Жол", 25-апрелде "Ауыл" жана 26-апрелде Казакстандын элдик коммунисттик партиясы президенттикке талапкерлерди сунушташат. Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан