Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 17-апрелде дүйнөгө келе элек наристесин жоготконун билдирген. Келинчеги оор абалда Каракол шаарындагы ооруканада экени маалым болгон.
Бүгүн, 23-апрелде ал келинчегине оорукананын директору тарабынан кысым болуп жатканын жазып чыкты.
"Азыр эле келинчегим ыйлап чалды. Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев келип, келинчегимди ызалантып кетиптир. "Күйөөңдүн интернетке жазганын билесиңби?
Өзүңдүн аман калганыңа сүйүнсөң. Ызы-чуу чыгарганды күйөөң жакшы билет экен" дегендей сөздөрдү айтыптыр. Бул дарыгер эмес эле акмак экен. Өзү жандандыруу бөлүмүнөн жаңы палатага которулуп араң жатса, ден соолугун суроонун ордуна "сурак" жүргүзгөн кандай неме? Мына төрөйм деген ымыркайынан ажыроо эне үчүн чоң жоготуу. Муну билип туруп психологиялык кысым жасаган Маанаев анык текебер, анык таш боор экен. Жараны өзү тырмап жатса, кол алдындагылар жыргатып карашмак беле? Чыңгыз Эсенгулов, (Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы - ред.) "министрге айттык, териштирет дедиңиз эле. Кана?" - дейт Айтикеев.
Ал эми Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев журналист Мирбек Айтикеевдин жубайына кысым көрсөтпөгөнүн айтууда.
"Бүгүн бейтаптардан кабар алып, текшерип чыктым. Анын келинчеги менен да жолугушуп абалын, таңууларын кайра жаңылоо керекпи же керек эместигин сурадым. Менин жанымда башка кызматкерлер бар эле. Интернетке чыгыптыр деп көрсөттүм. Аны өзү билет экен. Башка эч нерсе деген жокмун. Мирбек Айтикеевдин жазгандарын окудум. Келинчегинин абалы жакшы", - дейт Токтобай Маанаев.