Бишкектеги №1 бала бакчанын бир керебетке 4-5тен жатып уктаган балдардын интернетке тараган видеосу боюнча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, №1 балдар бакчасы Касым жаңы конушуна тиешелүү. Ал 2008-жылы ишке кирип, 140 балага ылайыкташкан. Азыркы учурда бала бакчада 290 бала тарбияланууда. 19-апрелде бакчанын бир тайпасынын бөлмөсүнө оңдоп-түзөө иштери болгон. Мындан улам ал тайпанын балдары башка топтун балдары менен чогуу жаткырылган.
Ал эми аталган бакчанын директору Айнагүл Малдыбаева бала бакчада керебет, жууркан жана башка буюмдардын баары жетиштүү экенин билдирген.
Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарга бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан балдардын видеосу тараган.