"Бакай Банктын" насыяларга пайыздык коюмдарды төмөндөтүү акциясынын аякташына 5 күн калды

"Бакай Банк" бизнес жана айыл чарба үчүн насыя боюнча улуттук валютадагы пайыздык коюмдарды жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер үчүн 3 пайызга төмөндөтүү акциясын улантууда.

Акциянын мөөнөтү 2019-жылдын 12-февралынан 30-апрелине чейин.

Акция учурундагы жаңы пайыздык коюмдар:

  • 500 001ден 1 500 000 сомго чейин - 20 пайыздан (эффективдүү пайыздык коюмдар);
  • 1 500 001ден 5 000 000 сомго чейин – 19 пайыздан (эффективдүү пайыздык коюмдар);
  • 5 000 001ден 7 500 000 сомго чейин – 16 пайыздан (эффективдүү пайыздык коюмдар);
  • 7 500 001 сомдон өйдө – 15 пайыздан (эффективдүү пайыздык коюмдар).

Насыя берүүнүн максаттары:

  • Коммерциялык максаттар;
  • Айыл чарбаны өнүктүрүү;
  • Инвестициялык максаттар;
  • Башка банктардагы маселе жаратпаган насыяларды жабуу.

Насыя алуу үчүн талап кылынган негизги документтер:

  • Паспорт;
  • Бизнес боюнча документ (патент, күбөлүк, устав, айлык маяна тууралуу маалым кат);
  • Күрөө боюнча документ.

"Бакай Банк" насыя берүүнүн бардык түрү боюнча ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. Банктын тажрыйбалуу кызматкерлери насыя тууралуу кенен маалымат менен камсыз кылат.

Пайыздык коюмдарды төмөндөтүү боюнча акция өлкөнүн бардык филиалдарында жана банктын сактык кассасында колдонулат.

"Бакай Банктын" насыяларынын башка түрлөрү менен биздин сайтыбыздан тааныша аласыз.

Акция тууралуу бардык маалыматты алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылса болот: 0 (312) 610 061, уюлдук телефондон 6111 кыска номерине жана WhatsApp 0(554) 006 111.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан