Кечээ социалдык тармактарга бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан балдардын видеосу тарап, кызуу талкууга алынган. Алгач бул бала бакча Кыргыз өлкөсүндө эмес деп айтылып, кийин ал Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасы экени аныкталган. Бүгүн бала бакчанын жанына ата-энелер чогулуп, арыз-муңдарын билдиришти. Бул бала бакчага баласы барган энелердин бири Алтынай Садырова видеону алгач көргөндө балдарга боору ооруганын айтат.
"Мен видеону интернеттен көрүп, балдарга боорум ооруган, көрсө алардын арасында өзүмдүн да балам жатыптыр. Кечээ түштө видеону көрүп, комментарийлерин окуп мен дагы жазып койсомбу деп ойлоп, анан кийин жазайын деп иштерим менен алек болуп анча көңүл бурган эмесмин. Кийин туугандарым чалып, "бул сенин балаң барган бала бакча го, дубалдары ошондой экен" дегенде анан кунт коюп видеону көрүп жатпаймбы. Баламды тааныган да эмесмин.
Кийин жерде жаткан баламды көргөндө жүрөгүм жарылып кетейин деди. Аябай жаман абалда болдум. Мен ишенип, бир нерсе үйрөнсүн деп бала бакчага таштасам, алар бир керебетке 4-5тен, калгандарын полго жаткырып жатса кандай болот?!
Видео ушул бала бакчада тартылганын билген соң көп ата-энелер чогулуп, кечээтен бери ызы-чуу болуп жатабыз. Согуш маалындагыдай балдарыбыз узун-туурасынан жатканы жүрөктү оорутту", - дейт ызаланган эне.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кечээ интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган.