КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев: "Бул өкмөт өзүнүн чоң реформалары менен көпчүлүктүн эсинде калган жок"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берди. Отчётту угуп, суроо берип жаткан депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине карата кескин сын-пикирлер дээрлик айтылган жок. Буга чейинки комитет жыйындарда да эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине карата оң бааларын айткан учурлар болгон. Кечки саат 18:00гө чейин созулган отчёттун калган бөлүгү эртең 25-апрелде да уланмай болду. Мындан улам эртеңки отчёттон кийин өкмөттүн 1 жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп бааланары күтүлгөн иш болуп турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши канааттандырарлык болду дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев бул суроого жооп берип, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт жыл башында жаңы кодекстерди ишке киргизүүсү менен бир топ сын-пикирлерге кабылганын белгиледи.

“Бул өкмөт өзүнүн чоң реформаларды, чоң өзгөрүүлөрдү жасоосу менен көпчүлүктүн эсинде калган жок. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт жыл башында жаңы кодекстерди ишке киргизүүсү менен бир топ сын-пикирлерге кабылды. Ошондой эле “түкүрүк өкмөт” деп эл ичинде айтылып калды. Кыргыз-Казак чек арасындагы бүгүнкү абал - жүк ташуучу унаалардын өтпөй турганы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тышка экспорттолбой калганы көрүнүп жатат. Депутаттар өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп койгону абсурд.

Коомчулукта өкмөткө нааразычылыктар чоң. Ошондой эле депутаттардын арасында дагы нааразычылыктар бар болчу. Буга чейин президент Жогорку Кеңеште сүйлөп, көрсөтмө берип кеткендей болду. Парламент ошондон кийин өкмөттү колдой баштады. Ага чейин сындап келишкен. Президенттин сөзүнөн кийин маанай өзгөрдү. VI чакырылыштын депутаттары бир дагы өкмөткө “канааттандырарлык эмес” деп баа койгон эмес. Бардык өкмөттү колдоп келишкен. Буларда позиция жок экенин айтса болот. Мунун далили - Сапар Исаковдун өкмөтүнө 20 күн мурда канааттандырарлык деп баа беришип, өлкөдөгү саясий абал өзгөргөндө, экс-президент менен президенттин ортосундагы тиреш ачыкка чыкканда Ак Үйдүн көрсөтмөсү менен 20 күндөн кийин мурдагы чечиминен артка кайтышкан”, - дейт Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Сапар Орозбаковдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан