Жалал-Абаддагы кургак учук менен ооруган мугалимдин жана оору белгилери байкалган окуучулардын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Жалал-Абаддагы кургак учук менен ооруган мугалимдин жана оору белгилери байкалган окуучулардын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сопубек Сариев билдирди.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусу 2-3 күндүн аралыгында даяр болот.

"Учурда аталган окуя боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кимдин кандай жоопкерчилиги бар экендиги аныкталат. Алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын, анткени окуучуларга оору мугалимден жукту деп так кесе айтуу кыйын.

Жыл сайын август айында мугалимдер атайын медициналык кароодон өткөрүлүп турат. Бирок оору августтан кийин жугуп калган болушу да мүмкүн. Кургак учук менен ооруган мугалим мектептин жанында жайгашкан спорт комплексинде кароолчу болуп иштеген. Балким түндө, суукта спорт комплексин кайтарып жүргөндө оору пайда болгон болушу мүмкүн. Ал жокчулуктун айынан 2 жумушта иштеп жүргөн. Эгерде мугалимдердин айлыгы 30-40 миң болсо, жылуу-жумшак өз кесиби менен эле иштеп, ден соолугун карап жүрмөк", - деди Сариев.

Буга чейин Сузак районундагы мектептердин биринде иштеген мугалим кургак учуктун ачык түрү менен ооруп келгендиги белгилүү болгондон кийин, окуучуларга эмдөө иштерин жүргүзүүдө 2 баладан оорунун белгилери аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lira25
2019-04-26 07:38:07
1эле эмес бир канча окуучуда байкалса, демек мугалимден жуккан да.Ооруган балдардын уй-булоосун текшерсе баары таза болуп чыкса,мугалимден жуккан болуп эсептелет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан