Сузак районунун Барпы айылындагы орто мектепте эмгектенген мугалимдердин бири кургак учуктун ачык түрү менен ооруганына карабай иштеп келген. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган айылдын тургуну билдирди.
"Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Барпы айылындагы Т.Темирбаев атындагы мектептин мугалимдеринин бири кургак учук менен ооруп жүргөнү белгилүү болгондон кийин мектеп окуучулары эмдөөдөн өткөрүлгөн. Эмдөөдөн өткөн соң жүздөгөн окуучулардын колдору шишип, рентгенден өтүүгө жиберилген. Алардын ичинен 2 балага оору жугуп калган деген шек менен Жалал-Абад шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылды. Муну уккандан кийин балдарыбызды мектепке жибергенден коркуп калдык.
Эмнеге мугалимдердин ден соолугун текшербей туруп иштегенге уруксат берет? Оору жугузган балдар үчүн ким жоопкерчилик алат? Биздин кошунабыздын баласы да ооруканага жатып калды. Ата-энеси "эч кимге айтпагыла дешти" деп тиешелүү органдарга арыздана албай коркуп отурушат", - деди айыл тургуну.
Аталган маалыматты Жалал-Абад шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Бурул Кадырова да тастыктады. Анын айтымында кургак учук менен ооруп жүргөн мугалим мектепке жакын жайгашкан спорт комплексинде да кароолчу болуп иштеп жүргөн.
"Темирбаев атындагы гимназия мектебинде иштеген 56 жаштагы А.С. аттуу мугалим 25-март күнү биздин борборго жаткан. Текшерүүдө анда кургак учуктун БК+ формасындагы ачык түрү бар экендиги аныкталган. Мугалимдин оорусу белгилүү болгондон кийин Барпы айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине кат жазып, мектептин окуучуларын текшерүүгө тапшырма бергенбиз. Бардык балдар эмдөөдөн өткөрүлүп, рентгенге түшүрүлгөн. Жыйынтыгында 6-класстын 2 окуучусунан оорунун белгилери байкалып, алар учурда балдар бөлүмүндө дарыланып жатышат.
Окуучулардын абалы азыр жакшы. Алардын өпкө жолдорундагы бронха бези чоңоюп калган. Кургак учук ошол бронха бездеринен башталат. Бирок өпкөгө өткөн эмес. Балдардын организми жакшы болгондуктан дарылоону жакшы кабыл алып жатат. Алардын айыгып кетүүсүнө кепилдик бар", - деди Кадырова.