Астротөлгө: 26-апрелде төрөлгөндөр кечире билүүчү сапатка ээби?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

26-апрель күнү төрөлгөн букачарлар көп кырдуу, таланттуу, чыгармачыл болушат. Токтоо болгону менен ичинде атыла турчу вулканы бар адамдар. Ошондой эле сезимтал, ишке жөндөмдүү келишет. Кандай гана жумуш болбосун оор же жеңил дебей иштеп кете алышат.

Бул күнү төрөлгөн адамдар жаш кезинде кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал. Көптөгөн сыноолор, көңүл калуулар болот, ошол мезгилде сынып калбай өтүп кетсе, кийинки турмушунда ийгиликтер коштоп, бейпил жашоо өкүм сүрөт.

Бош убактысынын көп бөлүгүн достору менен өткөрүшөт. Үй-бүлөдө туруктуу кожоюн же кожойкелердин катарын толукташат. Кокусунан ортодо чоң көйгөй жаралса дагы, кичинекей мамлекетин сактап калуу үчүн кечирүүгө даяр болушат.

Бул күнү жарык дүйнөгө келгендерге чөйрөңүздөгү адамдарга өзүңүздүн оюңузду гана таңуулай бербестен, башкаларды да уга билиңиз деп кеңеш берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан