Астротөлгө: 17-апрелде төрөлгөн адамдарга йога менен машыгуу сунушталат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

17-апрелде төрөлгөн кой жылдызынын ээлери жаратылышынан лидерлик сапатка ээ болушат. Өзүнө ишенген, амбициясы күчтүү, бутунан ылдыйды көздөй тартып жатса да оңою менен моюн сунбаган өжөр адамдар. Жашоодогу багытын, эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билишет. Кылган ишинен кандай жыйынтык чыгарын жана аягы эмнеге алып барарын түшүнүшөт. Көпчүлүк учурда ийгиликке жетем деп багыт алганында досторунун колдоосуна ээ болушат.

Бул күнү төрөлгөндөр жакындарынын көңүл буруп турушун каалашат жана жакшы мамиле, жылуу сезимди күтүшөт. Кокусунан жан дүйнөсү күткөн нерсени ала албаса маанайлары чөгүп, депрессияга да түшүп кетиши ыктымал. Алар сыртынан күчтүү көрүнгөнү менен ички дүйнөсү сезимтал, алсыз болот.

Бул күндүн ээлери үчүн бакыттын ачкычы - ишенимдүү достору, сүйүктүү адамы жана кесипкөйлүгү. Аларга медитация кылуу, йога менен машыгуу сунушталат. Саякатка чыгуу, ар кандай күтүлбөгөн окуялардын болуп турушу энергия тартуулап, идеялардын пайда болушуна шарт түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан