Астротөлгө: 7-ноябрь күнү төрөлгөндөр дүйнөнүн ачылбаган сырларын изилдөөгө кызыгышабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

7-ноябрь күнү төрөлгөндөр улам жаңылыктарды ачууга, дүйнөнүн ачылбаган сырларын изилдөөгө кызыгышат. Коомдогу адилетсиздиктер менен күрөшүп, айланасындагыларга үлгү болууга аракеттенишет. Бул күнү төрөлгөндөргө даанышмандык сапат мүнөздүү.

Элдин дилиндегини айттырбай окуган, адам менен бат тил табышкан дипломат болушат.

Бирок ишенчээк жана кызганчаак болушкандыктан, алардын ишениминен чыгуу, чырга айланбаса дагы, мамиленин токтошуна алып келет.

Ошол эле учурда бул күнү жарыкка келгендер адамды туура жолго салуунун эң мыкты ыкмаларын билишет. Чыдамкай келип, айрым учурда эски көз караштардын жактоочусу болушат.

Түгөй катары эмоциялуу жана ачык-айрым адамдарды тандашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан