Бүгүн Японияда Хэйсэй доорунун акыркы күнү. 85 жаштагы император Акихито такты уулуна өткөрүп берет. 1-майдан тартып 59 жаштагы ханзаада Нарухито император болуп, Конституцияга ылайык "мамлекеттин жана элдин биримдигинин символу" катары милдетин өзүнө алат. Анын такка отурушу менен өлкөдө жаңы Рэйва доору башталат.
Акихито акыркы 200 жыл аралыгында такты бошотуп берген император болуп калат. Ага чейин 1817-жылы император Какаку такты өзү бошотуп берген.
Бүгүн, 30-апрелде Японияда Конституция менен иштеген өкмөттүн тушунда биринчи жолу императордун тактан кетишине байланыштуу иш-чара өтөт. Ал коомчулукка император катары акыркы жолу кайрылуу жасайт.