"Акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн баланын атасы каза болуп калган

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн баланын атасы каза болуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, балага аёосуз мамиле жасаган таякеси соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, баланын атасы каза болуп калган. Анын апасы иштөө үчүн баласын туугандарына калтырып Орусияга кеткен. Ал туугандарынын колунда канча убакыттан бери болгону, ага кандай мамиле жасалып келгенин, мектепке барып же барбай жүргөнү учурда аныкталууда. Бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
momun74
2019-04-30 17:11:27
Жетимди башын сылап сооп таппайбы деймда тем более жээни экен жаттыда анте албайсын байкуш бала корсом ичим ачышып боорум ооруп кетип атат
+12
Sajakat14
2019-04-30 17:34:02
Балдарга мээрим төгүп чоңойтпой туугандарга таштасак. Туугандар минтип кордук көргөзүшсө! Анан кийин балдарыңарды силерди бакпай баш тартышса таң калбай эле койгула! Ыйлабай эле койгула картайып алып кийин! Мээримди дагы мээрим алган бала бере алат! Мээрим албаган бала жок мээримди кантип берет?
+14
kazakov1991
2019-04-30 18:54:00
омуру онбой отот таякеси, жээн келгиче жети боору келсин деген макал бар эле
+5
aida007
2019-04-30 19:51:23
Кудай жазанды берсин кудайдан коркпогон зоокур!!!!
+4
NURSAPAR
2019-04-30 20:44:08
Тообоо кандай гана адам сымал айбандар бар . Камса да болмок. Боору таш ХХХХ экен.
+3
Nursbaike
2019-05-01 08:21:09
Биздин сайт кыргызча деп москваны орусия деп которгонго ахахах денгели томон буну кобубуз билбейбиз. Ушул мамлекетти ызы чуу кылып аткандар баары журналисттер оздору тушунушпой атышат , Мен кыяматта арбиринеасылам
-1
Zimzimemir
2019-05-01 09:59:33
Уурдаса уурдагандыр,бирок ошончолук кылган болбойдго жон попузамап ичке чывык мн савап койбойбу,бирок тыйындын эки жагы бар балким ото эле кулагы жоктур бир соз укпаган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан