Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасы менен сүйрөткөн баланын абалы жакшы

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасы менен сүйрөткөн бала дагы бир нече күн ооруканада болот, анын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы балдардын "Тез жардам" ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"Учурда бала ооруканада жатат, абалы жакшы, өзү басып жүрөт. Денесинин кээ бир жерлеринин териси сыйрылып, көк ала болгон, андан башка эч кандай так жок. Ага дарыгерлер тарабынан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Мындай учурда 5-6 күн ооруканада жатып, андан кийин абалына жараша үйүнө чыгарылат", - деди Шайбеков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Белгилүү болгондой, балага аёосуз мамиле жасаган таякеси соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Баланын атасы каза болуп калган, ал эми апасы Орусияга иштегенге кеткени айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pchelka85
2019-05-01 11:01:16
Денесинде так калбаса да, конулундо, журогундо калды да ТАК. Бул бала да чоноет эртен эле. Эр жетет... тайкеси ошондо корот коргулукту!!!!!
+2
rysik79
2019-05-01 11:23:38
Алтын казык каякта?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан