Депутат балдарга карата зомбулук боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керектигин айтты

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева балдарга карата зомбулук боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керектигин айтты.

"Эки күн мурда баласын таштап чет мамлекетке иштеп кеткен мигранттын баласын жакын туугандары уруп, унаага байлаганы талкуу жаратты. Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2018-жылы 9 миңден ашык балдарга жана аялдарга зомбулук көрсөтүү фактысы катталган. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өткөрүшүбүз керек", - деди ал.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калганы жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан