Бүгүн, 2-майда Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси журналисттер менен жолугушту. Анда элчи Ду Дэвэнь Кыргыз-Кытай кызматташтыгы жана алдыдагы пландары тууралуу айтууда.
Анда ал “Бир алкак – бир жол” деп аталган долбоордун алкагында ишке ашырыла турган программаларга токтолду.
"Кыргыз өлкөсү - “Бир алкак – бир жол” форумун биринчилерден болуп колдогон мамлекеттердин бири. Биз кызматташуунун дагы жаңы баскычына чыгабыз деп ишенем", - деди ал.
Ошондой эле ал июнь айында Кытай лидеринин Кыргыз өлкөсүнө боло турган сапарында ар тараптуу келишимдер түзүлөрүн айтты.
Ду Дэвэнь Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп ушул жылдын март айында дайындалган.