"Манас" аэропортунда Орус жараны өз өмүрүнө кол салганга аракет кылды

"Манас" эл аралык аэропортунда Орус жараны суицид жасоого аракет кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы билдирди.

"Окуя кечээ, 3-майда орун алган. Анда Бишкек-Стамбул каттамынын жүргүнчүсү рейстен алынган. Тагыраагы, текшерүү зонасында анын жанынан мык жана башка алып өтүүгө уруксат болбогон буюмдар табылып, өткөрбөй коюшкан. Мындан улам жүргүнчү өз өмүрүнө өзү кол салганга аракет кылып, мык менен кан тамырларына сайып баштаган. Аэропорттун чек ара кызматкерлери аны токтотууга аракет кылган. Бирок жүргүнчү кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, аларга дагы кол көтөргөн. Кызматкерлер аны кармап, милицияга өткөрүп берген", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Beka1986
2019-05-04 16:36:14
Балким кыргыздыр
+3
zhykyo
2019-05-04 17:39:01
Мык жокпу тиякта ммм
-1
taalay25
2019-05-04 17:47:10
Учтуу буюмдарын ал дагы рейске коюп жибер да жургунчуну. Аны рейстен алып калбай. Тем более билетти акчага сатып алган. Рейстен калса силер толоп бересинерби акчасын же кийинки рейске билет алып бересинерби
+4
munar1980
2019-05-05 04:01:11
Алып отууго болбогон нерселерди алып койуп откозо бергиле да озун алып калбай билеттине куйуп жатпайбы ал адам негизи эле биздикилерге бийлик келбесин да колунан кечее жакында менин тааныштарым алар уча турган рейис учушуна 54 минут калганда келген экен учурбай алып калышыптыр кеч келдинер деп негизи учурса болмок москвада учушуна 20 минут калганда келсен да коё беришет без очеред бардык жерден
-2
taalay25
2019-05-05 11:56:44
munar1980,регистрация бутсо откорбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан