Абакта төрөлгөн наристе. Ошто кайнисинин 2 жаштагы баласын уруп өлтүрдү деп шектелген келин тергөө абагында көз жарды

Ошто кайнисинин 2 жаштагы баласын шымына сийип салгандыгы үчүн сабаган деп шектелген 30 жаштагы келин тергөө абагында төрөдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө иши бүткөн, бирок келиндин соту баштала элек.

"Шектүү бир ай мурун эркек бала төрөгөн. Ал учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Анын ишин Ош шаардык соту карайт. Бирок учурда сот отурумунун күнү белгилене элек", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ушул жылдын 10-январында Ош облустук ооруканасына ур-токмокко алынып, оор абалда түшкөн бала каза болуп калган. Кийин Ош ШИИБи бала жеңеси тарабынан сабалып, мындан улам каза болушу мүмкүн экендигин маалымдаган. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалымат үчүн: Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Анын 5 жаштагы дагы бир бир тууганы бар. 2 бала алардын атасынын колунда калган. Атасы балдарын бир тууган агасы менен жеңесине таштап, өзү Орусияга кеткен. Ал эми балдарды кароого алган үй-бүлө начар шартта жашаган. Алардын өзүнүн 5 баласы бар жана шектүү келин 6 айлык кош бойлуу болчу.

Кайнисинин баласын уруп өлтүрүүгө шектелген келин абакта төрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан