Пекиндин 33 жаштагы сүрөтчүсү мындан бир канча жыл мурда каза болгон атасынын сөөгүн казып чыгып, аны менен фотосессия жасады. Ал сүрөттөрдү каза болгондорду эскерүү фестивалынан бир күн өткөндөн кийин социалдык тармакка жарыялаган.
Сиюань Чжудзи (төрөлгөндө коюлган аты Си Лулу) аты менен өз өлкөсүнө таанымал болгон сүрөтчү бул ишти көптөн бери ишке ашырууну кыялданып жүргөнүн айткан.
"Мен 3 жашымда атам боордун рагынан каза болгон. Атам менен сүрөткө түшүүгө мүмкүн эмес болчу. Мындан улам анын сөөгү менен сүрөткө түшүүнү кыялдана баштадым. Кыялымды ишке ашырдым. Сүрөткө түшүү учурунда сөз менен айтып бере албаган сезимдер болду. Мен сүрөткө түшүп жатканда кийимдеримди чечип, жылаңач болдум. Анткени биз бул дүйнөгө дал ушундай абалда келип, ушундай абалда бул дүйнөдөн өтөбүз. Биз чыныгы искусствону элге көрсөтүүдөн коркпошубуз керек", - деген ал.
Кызыгы бул сүрөттөрдү Сиюань Чжудзинин жубайы тарткан. Бирок интернет колдонуучулар сүрөтчүнүн бул кылганын сынга алып, туура эмес деп баалашкан.