АКШда мектептеги атышуудан 1 адам каза болуп, 7 окуучу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-майда Денвердеги мектептердин биринде орун алган.
"Кылмышка шектүү катары эки адам кармалды, алар да мектеп окуучулары экенин аймактын шерифи Дуглас Тони Сперлок маалымдады. Жергиликтүү телеканалдардын бири 4 окуучунун абалы оор экенин билдирүүдө. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.