Москвада блогердин үйүнө кирген уурулар 35 миң доллар акчасын жана суммасы 8,5 миллион рубль болгон зер буюмдарын алып кетишти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 3-май күнү Москва шаарындагы батирлердин биринде болгон. Анда Орусияда өзүнүн пранк жана тамашалуу видеолору менен белгилүү блогер Андрей Афониндин 58 жаштагы апасы Ирина Афонинанын үйүнө белгисиз адамдар терезе аркылуу киришкен.
"Кылмышкерлер блогердин апасынын колу-бутун жип менен байлап, аны жуунуучу бөлмөгө камап коюшкан. Үйдөн 35 миң доллар, 950 миң рубль жана жалпы суммасы 8,5 миллион рублду түзгөн зер буюмдарын алып кетишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Зер буюмдардын баары жабырлануучу аялга эмес, анын уулуна таандык болгон", - деп айтылат маалыматта.