Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан Бактыгүл Каликулова дагы деле табылбай жатат

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 2000-жылы туулган Бактыгүл Каликулованы издөөдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бактыгүл Каликулова 2019-жылы 7-март күнү саат 15:00дөр чамасында Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 163-165 сантиметр. Үйдөн чыгып кеткен күнү Каликулованын үстүндө кызыл түстөгү күрмө, кызыл түстөгү жынсы шым, бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Милиция кызматкерлери жана Каликулованын жакындары аны көрүп-билгендер болсо, 0(312) 22-15-58, 0 (701) 00-57-15, 0(557) 09-20-00 номерлери аркылуу кабарлап коюңуздарды өтүнүшөт.

Ошондой эле басма сөз кызматы дайынсыз болуп жаткан кыз буга чейин да жоголуп кайра табылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан