Ош-Араван унаа жолунда жол кырсыгынан каза болгондор менен жаракат алгандардын аты-жөнү такталды. Бул маалыматты Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
Маалыматка ылайык, Тойота Ипсум унаасын Араван районунун 21 жаштагы тургуну Ж.А., ал эми Жигули унаасын аталган райондун жашоочусу 49 жаштагы А.Ж. айдап келе жаткан.
Кырсыктан 49 жаштагы айдоочу Ж.А. жана анын машинасында жүргүнчү катары бара жаткан 60 жаштагы М.Т. жана 2019-жылы төрөлгөн М.А. окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми 61 жаштагы А.К., 40 жаштагы К.Н., 31 жаштагы М.Б. жана 6 жаштагы М.К. Араван райондук ооруканага жеткирилген.
Тойота Ипсум унаасынан Кара-Суу районунун тургундары 19 жаштагы Б.Ф. жана Э.кызы К. денелеринен жаракат алышып, аймактык ооруканага жаткырылган.
Учурда кырсык боюнча Араван РИИБи тийиштүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштери башталган.
Жол кырсыгы кечээ, 7-майда саат 17:10 чамасында Ош-Араван унаа жолунда болгон.