УКМКнын мурунку бөлүм башчысы Дамир Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат

УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

"Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары Дамир Мусакеевдин мүлкү тууралуу бир нече материалдарды жарыялашкан. Анда мурдагы башчыга таандык мүлктөрдүн дареги так жазылган. Бирок мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына катталганы көрсөтүлгөн. Ал мамлекеттик кызматта иштеп турганда мыйзамсыз байып жатканын жашыруу үчүн мүлктөрдү туугандарына каттатканы жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы кыймылсыз мүлктөрдүн көбү 2010-2017-жылдар аралыгында сатып алынганын жана Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганын билдирген. Көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча мүлктөрдүн жалпы суммасы 20 миллион сомду түзөт. УКМКнын 9-кызматынын маалыматы боюнча кыймылсыз мүлктүн баасы Дамир Мусакеевдин жана анын туугандарынын расмий кирешесинен (2010-2017-жылдар аралыгында) бир топ эле ашык болгон.

Топтолгон материалдар кечээ, 7-майда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 323-берене (мыйзамсыз баюу) менен каттоого алынды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп туруп 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. 7-февралда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы Мусакеевге "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирген. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Мусакеевге карата өлкө аймагынан сыртка чыкпоо боюнча чечим чыгарган.


Атамбаевдин жан сакчысы Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2019-05-08 22:45:39
белизгейтти чукулагыла результат чыгат
+2
dmd
2019-05-08 22:54:41
Башталось)
Но, оченама приятно, то что досадно для Алешки :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан