Багдаддагы жардыруудан 8 адам каза болуп, 10го жакыны жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда чет элдик басылмалар Ирактын күч органдарына шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка ылайык, жардыруу Мадинат ас-Садр аймагындагы "Джамиля" базарында орун алган. Анда жан кечти базардын ичинен өзүн жардырып салган. Натыйжада 10 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, жакынкы жана борбордогу ооруканаларга жеткирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Жардыруу болгон аймакта мусулман шииттер жашагандыгы маалым болду.