Зеленский Украинанын депутаттарына кайрылуу жасап, Порошенкону Египеттеги турист менен салыштырды

Украинанын жаңы шайланган президенти Володимир Зеленский Жогорку Радага чукул кайрылуу жасады. Анда Зеленский парламенттин депутаттарын сынга алып, президенттик кызматка киришүү аземин 19-майга дайындоо керектигин айтты.

"Силер 3 жума эс алып, депутаттык антты унуткан жоксуңар деп үмүттөнөм. Азырынча силер өз кызыкчылыгыңар үчүн иштеп, Раданын таркатылышынан коркуп, президенттик кызматка киришүү аземинин мөөнөтүн кечиктирип жатасыңар", - деди Зеленский.

Андан соң ал азыркы президент Петро Порошенко учурда туура эмес иштерди жасап жатканын баса белгилеп, аны Египеттеги турист менен салыштырды. "Порошенко армиянын жогорку жетекчилигинде, Жогорку сотто кызматтык дайындоолорду жасап жатат. Анын аракеттери Египетттеги мейманканадагы туристти эске салууда: эртең үйгө жөнөш керек болгондо, чемодандар даярдалып, бөлмө жыйнаштырылып бүткөндө, тарбия көргөн адам аэропортко барууну күтөт. Бирок Порошенко эмес. Ал эч токтобой жатат. Сүлгүнү, бут кийимди, столдогу бардык тамак-ашты топтоп алып жатат. Мен суранат элем: ачкычты тапшырып, ордуңузду бошотуңуз", - деп Порошенкого кайрылды Зеленский.

Учурда Украинанын парламентинде президенттик кызматка киришүү аземинин мөөнөтү боюнча түрдүү пикирлер айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bazana
2019-05-11 11:10:37
Азаматсын Зеленский, ушул баланан бир нерсе чыга тургандай, Украина онолуп кеткиси бардыр кыйналышты ото.
+9
Benazir08
2019-05-11 11:26:03
Bazana,биз жыргап журобуз да э? Биз озубуз мн озубуз арабабызды тартып журобуз го. Өйдөдөгүлөр ырыскыны бизге жеткире койбой эле жулуп атышат го..... Ошондо биз жыргап журобузбу? Бироого боор ачыбай озубузду эптеп алалычы. Бизде куудулдарды адам катары корбойт. Эл гана колдоп суйуп онорун көрүшөт. Мына Рахман билимдуу, Абдылданын акылы даана жок дегенде маданият министри кылып колдоо корсотсок болот Рахмандай кишилерди
-1
taalay25
2019-05-11 20:14:19
Эрте сындап койгон жокбу? )))
0
PROS
2019-05-12 07:40:32
"Шашкан кыз эрге жетпейт, жетсе да этеги жерге жетпейт" болуп жүрбөсүн Володя?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан