Мьянмада жүргүнчү ташыган учак шассиси жок конду

Мьянма өлкөсүндөгү Мандалай шаарындагы аэропортто Embraer 190 учагынын шассиси ачылбай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, окуя 12-май күнү орун алган. Алдыңкы шассиси ачылбай калганына карабай пилот учакты ийгиликтүү кондуруп, 89 жүргүнчүнүн бири да жабыркаган эмес.

Өлкөнүн Жарандык авиация департаментинин маалыматына ылайык, техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай окуя катталган.

"Учкучтар 2 жолу аэропортту айланып өтүп, диспетчерлер алдыңкы шасси ачылганын же ачылбаганын текшеришкен. Жыйынтык чыкпагандыктан экипаж кызматкерлери алдыңкы дөңгөлөктөрү жок экендигине карабай учакты авариялык түрдө кондуруу чечимин кабыл алышкан. Чечим ийгиликтүү жыйынтыкталып, бир да жүргүнчү жабыркаган эмес. Учурда учактын техникалык мүмкүнчүлүктөрү текшерүүдөн өткөрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2019-05-13 10:01:17
Кудай сактаптыр
0
Tekecher
2019-05-13 13:05:07
Азаматсын
0
Koichuman
2019-05-13 19:55:11
Пилот опытный экен,орусиянын деле учагынын летчиги опытный болгондо каргашалу иш болбойт беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан