Жалал-Абад облусундагы мугалиминен кургак учук оорусун жуктуруп алган окуучулардын окуясына байланыштуу жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сопубек Сариев билдирди.
Анын айтымында, аталган окуя катталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланды.
"Кызматтык териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен мектеп директоруна сөгүш жарыяланды. Мыйзамга ылайык, милдетин так аткара албаган, шалаакылыкка жол берген кызматкерлерге алгач эскертүү берилип, кийин сөгүш жарыяланат. Андан соң гана жумуштан алууга мүмкүн. Буга чейин эскертүү албаган, сөгүш жарыяланбаган кызматкерди жумушунан алуу мыйзамга каршы келип калат.
Ал эми кургак учук менен ооруганы аныкталган мугалимдин дарылануу курсу аяктагандан кийин дарыгерлер иштегенге уруксат берип, эч кандай коркунуч жок экенин айтышса, кайрадан жумушун уланта берет", - деди Сариев.
Ал эми Жалал-Абад шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Бурул Кадырова мугалим жана окуучулар дарылануусун улантып жатканын билдирди.
"Оору белгилери байкалган мугалим жана окуучулар учурда биздин борбордо дарылануусун улантып жатышат. Алар жалпы 2 ай дарыланышат. Учурда баарынын абалы жакшы. Дарылануу курсу ойдогудай өтүп, анализдеринин баары жакшы чыгып жатат", - деди Кадырова.
Буга чейин Сузак районундагы мектептердин биринде иштеген мугалим кургак учуктун ачык түрү менен ооруп келгендиги белгилүү болгондон кийин окуучуларга эмдөө иштерин жүргүзүүдө 2 баладан оорунун белгилери аныкталган.