Орусияда миңдеген гектар токойлор өрттөнүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, өрт каптаган токойлордун жалпы аянты 40 миң гектардан ашат. Буга байланыштуу өлкөнүн 6 аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, эң оор кырдаал Забайкалье аймагында байкалган. Ал жакта 18 миң гектар токой күйүп жатса, Иркутск аймагында тилсиз жоо каптаган токойдун аянты 10 миң гектарга жетет. Кырсыктан 36 адам күйүк алып, 1 адам каза болгон. Ошондой эле 200гө жакын турак үй жана 10 миңден ашык үй жаныбарлары күйүп кеткен.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, тилсиз жоо өрткө каршы эрежелер сакталбагандыктан келип чыккан. Президент Владимир Путин кырсыктын келип чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктап, аларга тиешелүү болгон жер тилкелерин мамлекеттин карамагына өткөрүүнү буюрду.
Орусиянын токойлорундагы өрт апрель айынын аягынан бери уланып келет. Бүгүнкү күндө тилсиз жоого каршы 3 миң 400 өрт өчүрүүчү, 675 техника жана ондогон тик учактар иш жүргүзүүдө.