Кечээ, 14-майда өлкөдөгү асыл тукум мал чарбаларды мамлекеттик колдоого алууга багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору боюнча айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.
"Асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү, колдоо иш-чаралары колго алынууда. Муну менен катар алдыӊкы чарбаларга да колдоо көрсөтүлө турган болду. Учурда геномдук селекция Агрардык университетте жүргүзүлө баштады. Бүгүнкү күндө азайып бараткан Ала-Тоо породасындагы уйларды көбөйтүү боюнча Агрардык университет менен биргеликте иштер жүргүзүлүп, Тянь-Шань, Алай породасындагы койлорду көбөйтүү пландалууда", - деди Керималиев.