АКШнын Аляска штатында чакан моторлуу DHC-3 Otter жана DHC-2 Beaver учактары абада сүзүшүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 2 учакта жалпы 17 адам болгон. DHC-2 Beaver учагындагы 1 пилот менен 6 жүргүнчүнүн баары каза болсо, DHC-3 Otter`деги 11 адамдын бирөөсү дайынсыз болууда. Аман калган 9 жүргүнчү жана 1 учкуч ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардамдарды алышкан. Дарыгерлер алардын өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышкан.
Эки учактын тең жүргүнчүлөрү чет жерлерден келген туристтер экендиги айтылууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан кырсыктын келип чыгышы иликтенип, дайынсыз жоголгон жүргүнчүнү издөө иштери улантылууда.