Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.
УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.
SUPER.KG порталынын "Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, Идрис Кадыркулов тендер чуусунда аты аталып калган үчүн өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.
“Биз бардык жерде адилеттүүлүк болсун деп аракет кылып жүрөбүз. Кадыркуловдун тендер чуусуна тиешеси жок же тиешелүү деп бир гана соттун чечими чыкканда айта алабыз. Ал өзүнүн отставкага кетишинин негизги себебин аты аталып калган үчүн өз каалоосу менен кызматтан баш тартып жатканы менен түшүндүрдү. Биз адилеттүүлүктүн орношуна аракет кылышыбыз керек”, - дейт Зулпукаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири төмөнкү шилтемеде.