Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.
УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Идрис Кадыркулов тендер чуусунун айынан УКМКнын башчылыгынан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдунпикиринде, Кадыркулов мындай кадам менен мамлекеттик кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын көрсөттү.
“Идрис Кадыркулов боюнча айта турган болсом биринчиден, отставкага кетүүсүнө тендер чуусу, ал окуяда анын аты чыгып калгандыгы болду. Кадыркуловдун “кызыкчылык болгон эмес, бирок жолукканым чын” деп моюнуна алып, отставкага кеткени бул мамлекеттик жооптуу кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгынын белгиси.
Ал эми адилеттүүлүк жөнүндө айта турган болсок, жетекчи кетеби же кетпейби адилеттүүлүк сөзсүз түрдө болушу керек деген . Бул кызматка татыктуу эле адам келет деген ишеничтемин”, - дейт Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири төмөнкү шилтемеде.