Экс-депутат Равшан Жээнбеков УКМКнын башчысынын отставкасы боюнча: “Адамдардын алмашуусу менен адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орнойт деп айтуу оорураак”

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.

УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.

SUPER.KG порталынын "Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков коомчулук реформаларды талап кылышы керектигин айтты.

“Адамдардын алмашуусу менен адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орнойт деп айтуу оорураак. Албетте, андай учурлар болгон. Бирок көпчүлүк учурларда болбой калат. Мисалы, Аскар Акаевдин ордуна Курманбек Бакиев, Бакиевдин ордуна Алмазбек Атамбаев, Атамбаевдин ордуна Сооронбай Жээнбеков президент болду. Андан адилеттүүлүк, мыйзамдуулук өнүгүп кетти деп айтууга болбойт да. Ошондуктан адам алмашкандан өзгөрүү болот дебестен, колубуздан келишинче УКМКнын иштөө ыкмаларынын системин өзгөрткөнгө аракет кылуу шарт. УКМКны чыныгы реформаларды жасаганга алып келсек анда мыйзамдуулук, адилеттүүлүк азыркыга караганда бир топ өзгөрөт. Ошондуктан коомчулук реформаларды талап кылышы керек”, - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Дастан Бекешев, Алмазбек Баатырбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан