УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков: “УКМКга келе турган башчы ошол тармакты жакшы түшүнгөн, мыйзамдуу иштерди жүргүзгөн адис болушу керек”

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.

УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.

SUPER.KG порталынын "Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген соболуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, УКМКга мыйзамдуу иштерди жүргүзгөн адис келсе, ал кыргыз элинин коопсуздугун камсыздоого бардык иш-аракеттерин жумшайт.

“Идрис Кадыркуловдун өз ыктыяры менен отставкага кеткени өзүнүн иши. Бүгүнкү күндө Кыргыз тарыхында өз ыктыяры менен кызматтан кеткендер сейрек кездешет. Анын кызматтан кетишин саясатка айландыруунун кереги жок деп ойлойм. Себебин коомчулук дагы билбейт. Так маалымат болбосо анын себебин айтуу кыйын. Келечекте УКМКга келе турган башчы ошол тармакты жакшы түшүнгөн адис болушу керек деп эсептейм. Мыйзамдуу иштерди жүргүзө турган адис келсе милдеттүү түрдө мыйзамдуу иштегенге, Кыргыз элинин коопсуздугун сактоого бардык иш-аракеттерин жумшайт деген ойдомун”, - дейт Медетбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Дастан Бекешев, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан