Кечээ, 16-майда кримтөбөл
Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри
Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси
Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге
киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер
Эмил Макимбетов жана лаборант
Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып,
тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жооп берди.

Ал мыйзам чегинде бардыгы бирдей жооп бериши керек деген пикирде.
“Батукаевди бошотууга шарт түзүп бергендер бошотулушу керек. Буйрук берген кишилер дагы жооп бериши шарт. Крим чөйрөсүндө жүргөн кишини 2-3 күндүн ичинде өлөт деп чыгарып жиберген туура эмес. Буйрук бергендер, аны аткаргандар дагы жоопко тартылышы шарт”, - дейт Турускулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жанар Акаев,
Аида Исмаилова,
Мирлан Жээнчороев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү
Адил Турдукулов, коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев, саясат таануучу
Даниел Кадырбековдун пикири
төмөнкү шилтемеде.